Эдил Байсаловдун кызматтык каты коомду кайрадан дүрбөттү

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун тышкы иштер министрине жазган каты кайрадан козголду. Ал 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчисинин милдетин аткарып жатып, сепаратист Кадыржан Батыровго дипломаттык паспорт берүү боюнча кызматтык катын жолдогон. Жыйынтыгында, Кадыржан Батыров дипломатиялык паспорттун негизинде өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда коомчулук социалдык тармактар аркылуу өлкө жетекчилерине кайрылып, Эдил Байсаловду жоопкерчиликке тартуу маселесин коюп жатышат.

Былтыр Ош окуясы боюнча соттук териштирүү соңуна чыгып, негизги айыпталуучулар катары Исмаил Исаковдун, Бектур Асановдун, Бактыбек Алымбеков жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин иши сотко өткөрүлүп берилген.

Бөлүшүү:
Next Post

ӨКМ аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү таратты. Мекеменин  маалыматына ылайык, бүгүн, 10-апрелде абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Жолдордун кооптуу тилкелеринин тизмеси: Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу […]

Сизге жагышы мүмкүн