Дыйканды каккан депутатка коомчулук нааразы болду

Автор

Депутаттар Мейкинбек Абдалиев менен Шайирбек Ташиев Жалал-Абадда эл менен жолугушуу учурунда бир дыйкан жигит ички рынокту коргоо боюнча маселе көтөрүп, Өзбекстандын өсүмдүктөрү жана азык-түлүктөрү басып кеткенин айтты эле Шайырбек Ташиев аны эки элдин ортосуна от жаккан чагымчы катары какты. Мындай көрүнүш айрым жарандарды кайдыгер калтырган жок. Белгилүү журналист Төлөгөн Сулайманов “ички рынокту колдобойсуңар деген дыйканды бир депутат «бузуку» деп жатат. Ички рынокту коргоо, импорт менен экспорттун балансын теңдөө, акыры келип мамлекетчил түшүнүк деген болуш керекпи? Же, Кыргызстан коңшулардын бактысы үчүн жашап калганбы”,- деп сурады.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШда хиджабчан аял сот болду

Нью-Жерси штатынын Жогорку сотуна дайындалган, хиджабчан сот америкалык прокурор Надия Кахф болду. Инаугурация аземинде соттун кийген Надия колуна Куран кармап ант берди. “Ассаламу алейкум. Мен Кошмо Штаттардагы Нью-Джерсидеги мусулман жана араб коомчулугунун өкүлү болгонума сыймыктанам. Мен жаш муундар ким экенине карабай, коркпой, өз динин кармай аларын айта алам. Ар түрдүүлүк […]

Сизге жагышы мүмкүн