9-апрелге карата аба ырайы

Автор

9-апрелде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +12 … +17,
Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7… +12, күндүз +17…+22,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1… +6, күндүз +12…+17,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз + 12…+17.
Бишкекте түнкүсүн +8…+10, күндүз, +13…+15 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы «Барселона» футбол академиясына барды

Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) президенти Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы «Барселона» футбол академиясына барды. Бул тууралуу спорттук уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө КФБ жетекчиси академиянын тарбиялануучуларынын машыгуу процессин көрүп, алардын окуу жана жашоо шарттары менен таанышты. Академия жүргүзгөн атайын селекциондук ишмердүүлүктүн алкагында, жакында африкалык өлкөлөрдөн ар кандай курактагы жаш […]

Сизге жагышы мүмкүн