Бишкекке Кытайдан дагы 58 автобус алып келинди

Автор

Бишкекке Кытайдан дагы 58 автобус алып келинди. Бул тууралуу  мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кытайдын Golden Dragon заводунан 58 жаңы автобус алып келинди.

29 орундуу автобустар 85 адамды ташууга ылайыкталган, 2 орундук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн каралган. Автобустардын салондорунда видеобайкоо системасы орнотулган. Жол акысын төлөө үчүн валидаторлор менен жабдылган.

Накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот.

 

Үч  категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

 

— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

 

— Виртуалдуу NFC картасы;

 

— Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR сканерлөө;

 

— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен төлөөгө болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Нетаньяху менен жаңжал тууралуу сүйлөштү

Россиянын президенти Владимир Путин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кремлдин басма сөз кызматы билдирди. Талкуу палестиналык-израилдик конфликттин кескин курчушунун натыйжасында келип чыккан кризистик кырдаалга арналды. Россиянын президенти каза болгон израилдиктердин үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтып, карапайым калкты, анын ичинде аялдарды жана балдарды жабыркаткан ар кандай […]

Сизге жагышы мүмкүн