Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Өкмөт суу көйгөйүн чечпей келатат”

Wp Pw
0 0
Read Time:30 Second

Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында күндүн көйгөйү болуп жаткан  суу тартыштыгы талкууланууда.  Жыйында депутат Марлен Маматалиев “Суунун башында туруп, суунун жоктугу – бул биз үчүн кечирилгис нерсе. Мына, мөңгүлөр ээрибесе, эмне кылышыбыз керек деп отурабыз”, – деди. “Мен айтып коеюн, Бишкек шаардык мэриясы өкмөткө 2 жылдан бери суу кампасы үчүн жер сурап кайрылып жатыптыр. Бирок, өкмөт бүгүнкү күнгө чейин чечпей келатканынан суу жок болуп жатат”,- деп билдирди. “Мэрияга өкмөт 100 млн сом жана 4 жерден жер бөлүп берсе, суу көйгөйү бүтөт. Бул маселени биз карап чечишибиз керек. Мэрия чечпесе, өкмөт чечпесе, ушинтип жүрө бермек белек”,- деп айтты Марлен Маматалиев.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Аптаптуу ысыктан кантип сактаныш керек?

Күн аябай ысыган убакытта мүмкүн болсо көлөкө жерде болуңуз, зарылдыгы жок болсо үйүңүздөн чыкпаганыңыз оң; Өзүңүздү ысыктан коргоонуу үчүн табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийген оң. Ал эми синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларын пайда кылат; Кургатылган мөмөлөрдөн кайнатылган шербет, бөлмө температурасындагы суюктук (2,5-3 литр) ичүү сунушталат, эң жакшысы […]