Балага башка тилде ат коюуну токтотобуз

Автор

Балага башка тилде ат коюуну токтотолу! Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев бүгүн, 11-апрелдеги парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Төрага “кыргыздарда Бакыт, Таалай, Улукбек, Балбак, Чолпон, Жылдыз, Акыл деген жакшынаккай аттар турса, балдарыңарга араптардын атын коюп жатасыңар”, – деди.
Ал “Кыргыздын ушундай сонун аттарын эмне үчүн арапташтырып, орусчалап же башка тилде коюшубуз керек? Бул чоң маани бере турган нерсе. Биз нукура кыргызча аттарды койбосо, тилибиз жоголуп бара жатканы аз келгенсип, кыргыздан аты жоголуп кетет”,- деп билдирди.
Балдар телефондон орус жана англис тилдеринде мультфильм, видео көрүп, тилдери кыргызча чыкпай жатканын айтты. Мындан улам ал өкмөткө кайрылып, балдар көргөн контентти кыргызчалоо жана кыргыз тилинде болбогон мультфильмдерди, видеолорду өчүрүү сунушун берди. Төрага эгер кыргыз тилине маани берилбесе, 5-10-жылда жоголуу коркунучуна кептелээрин эскертти.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөрү айтылды

Бишкекте ысык суу 22-апрелден 1-июнга чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек ЖЭБдин директору Алпбек Садыров билдирди. Анын айтымында, быйыл ордо калаанын ЖЭБинде жана жылуулук тармактарында пландалган масштабдуу иштерге байланыштуу ысык суу узак мөөнөткө өчүрүлөт. Белгилей кетсек, 2023-жылы ысык суу 22-майдан 22-июнга чейин өчүрүлгөн. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн