Балбак Түлөбаев абитуриенттердин кыргыз тилинен тест тапшырышына каршы чыкты

Автор

Абитуриенттердин милдеттүү түрдө кыргыз тилинен тест тапшыруусуна Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев каршы экендигин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-февралда парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты.
Эл өкүлү “Жакында мамлекеттик сыноолор башталат. Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттер кыргыз тилинен да сыноодо өтүшөт деген буйрук чыгарыптыр, бул кандай болуп калат”,- деп сурады депутат Балбак Түлөбаев.
Ал мындай буйрукка караманча каршы экендигин билдирип, кыргыз тилинде сүйлөй албаган башка улуттардын укугу чектелип калаарын айтты. Эл агартуу министрин чакырып, бул боюнча түшүндүрмө беришин өтүндү.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн китеп белекке берүү күнү: Китеп тууралуу кызыктуу фактылар

Чет элдик окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча китеп окуу өмүрдү эки жылга узартат. Китеп окуу эске тутууну жакшыртып, чүнчүп, чөгүп кетүүдөн сактануунун жакшы ыкмасы болуп саналат. Бүгүн, 14-февраль — китеп белекке берүүнүн эл аралык күнүнө карата китеп тууралуу сиз билбеген кызыктуу фактылар менен бөлүшөбүз. 1. Китепти эркектерге караганда аялдар көбүрөөк сатып алат […]

Сизге жагышы мүмкүн