Өчпөс отту өчүргөндөр ата-энелери менен өлкөдөн чыгарылат

Автор

Санкт-Петербургдун Красное селосунда үч мигрант бала Түбөлүк отту кар менен өчүрүштү. Эми аларды үй-бүлөлөрү менен Россиядан депортациялоо алдында турат.
Окуя 10-декабрдын кечинде болгон. Бул боюнча жарыялаган видеотасмада өспүрүмдөрдүн бири Өчпөс отко карды ыргытып, дагы экөө аны колдоп жатканын көрүүгө болот.
Полиция балдардын 10 жана 14 жаштагы эки бир тууган жана 12 жаштагы дагы бир бала экенин аныктады. Балдар жана алардын ата-энелери коңшу өлкөлөрдүн биринин» жарандары болуп чыкты. Бул өлкө Өзбекстан.
Текшерүү учурунда бул үй-бүлөлөр Россияда миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жашап жүргөнү белгилүү болду.
Эки үй-бүлөнү тең Россия Федерациясынан чыгаруу өтүнүчү менен сотко материалдар даярдалууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз спортчулары "Жылдын мыкты балбаны" наамы үчүн ат салышууда

Кыргызстандык спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш уюмунун (UWW) версиясында “Жылдын мыкты балбаны” наамы үчүн ат салышууда. Бул тууралуу UWW социалдык тармактагы расмий баракчасында маалымдалды. Талапкерлердин тизмесинде өз салмак категориялары боюнча 2023-жылдын чемпиондору көрсөтүлгөн. Спортчуларыбызды комментарий калтырып колдосоңуз болот. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн