Аксыда каналдар ташып, жолдорду жууп кетти

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, 15-апрель күнкү жаандан улам Аксы районуна караштуу 7 айылды суу каптап, жолдорду жууп кетти.
Маалыматта айтылгандай, Аксынын Аркыт айылындагы Сарай-Сайы ташыган. Жүзүмжан айылында болсо, Эшме-Сай жана Бөктөр сайларынан сел жүрдү. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн Жалал-Абад шаарында суу каптап жатканын кабарлады.
ӨКМ 15-16-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү мүмкүн деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Ататүрк сейил багында 198 объект буздурулабы?

Ататүрк атындагы сейил багында 198 объект буздурулууга тийиш. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, бул чечимдин максаты парктын 107 гектарды түзгөн аянтынын чек арасын бекитүү болуп саналат. “Биз 1992-жылдагы кабыл алынган токтомго кайрылып келдик. Бул чечим мурда кабыл алынган бардык чечимдерди, тактап айтканда, жер тилкелерин […]

Сизге жагышы мүмкүн