Ататүрк сейил багында 198 объект буздурулабы?

Автор

Ататүрк атындагы сейил багында 198 объект буздурулууга тийиш. Бул тууралуу маалымат жыйынында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, бул чечимдин максаты парктын 107 гектарды түзгөн аянтынын чек арасын бекитүү болуп саналат.
“Биз 1992-жылдагы кабыл алынган токтомго кайрылып келдик. Бул чечим мурда кабыл алынган бардык чечимдерди, тактап айтканда, жер тилкелерин менчикке же пайдаланууга берүүгө байланыштуу 124 чечимди жокко чыгарат дегенди билдирет. Жер тилкелерин кайтарып алуу, мыйзамсыз курулган объектилерди бузуу, келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлөт. Бул жокко чыгарылган чечимдерге 198 объект кирет”, – деди ал.
Калаа башчысы белгилегендей, бардык объектилерди буза турган максатыбыз жок, парктын чек арасын өлкөнүн учурдагы мыйзамдарына ылайык келтирүү милдети гана турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстанда куткарылгандар 108 миңден ашты

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел каптаган айыл-шаарлардан куткарылгандар 108 миңден ашканын билдирди. Алардын 38 миңи балдар. Селдин кесепетинен Казакстандын Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш-Казакстан, Түндүк-Казакстан, Костанай жана Павлодар облустарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн