Айдоочуларга эскертүү: Айрым унаа жолдорго чектөө кирди

Автор

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кар жаап, аба ырайынын өзгөрүүсүнөн улам өлкө аймагындагы айрым унаа жолдорго чектөө киргизилгенин эскертет.
Маалыматка ылайык, учурда төмөнкү унаа жолдоруна убактылуу чектөөлөр киргизилди:
Каракол – Энгильчик автоунаа жолунун 38-чакырымынан тартып, 95-чакырымына чейинки аралыгына;
Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунда суу кар жаап ар жерден көчкү түшүп жаткандыгына байланыштуу 45 чакырымынан 130 чакырымына чейин жол
жабык.
Азыркы учурда ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Зидан “Бавария” клубунун башкы машыктыруучусу болушу мүмкүн

Зинедин Зидан “Бавария” клубунун башкы машыктыруучусу болушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жар салды. Маалыматка ылайык, 51 жаштагы франциялык адис команданын башкы машыктыруучусу Томас Тухелдин ордуна приоритеттүү вариант болуп саналат. Мюнхен жетекчилиги буга чейин Зидандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн байланышка чыккан. “Бавария” кандай болгон күндө да команданын […]

Сизге жагышы мүмкүн