Ошто дагы 2 социалдык дарыкана ачылды

Автор

Ош шаарында үй-бүлөлүк медицина борборунун № 2,3 филиалдарында социалдык дарыканалардын ачылышы болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышып, калкты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу, баа саясатын туруктуу кармоо үчүн өлкө боюнча кошумча мамлекеттик дарыканаларды ачуу маанилүү экенин белгилешти.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаары аймагында 4 социалдык дарыкана ачылып, башка жеке дарыканалардан айырмаланып, 1,2-топтогу майып жарандар 25%, 3-топтогу жарандар 15%, калган жарандар 10% арзандатылган дары-дармектер менен камсыз болушкан.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ Украина, Израил жана Тайванга 95 миллиард долларлык жардам пакетин жактырды

АКШнын Сенаты Украина, Израил жана Тайванга 95 миллиард долларлык жардам пакетин жактырды. Буга чейин демократтар менен республикачылардын ортосунда бир нече айга созулган саясий тирешүүлөр болгон. Сенат резолюцияны 70 каршы 29 добуш менен кабыл алып, мыйзамдарды кабыл алуу үчүн зарыл болгон 60 добуштук босогодон оңой эле өтүп кетти. Бардык демократтар жана […]

Сизге жагышы мүмкүн