Президент инвесторлор жана мамлекеттик органдарга кайрылды

Автор

Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу инвесторлор жана мамлекеттик органдарга кайрылды.

Текстти толугу менен келтиребиз:

«Урматтуу кыргызстандыктар!
Акыркы жылдары биздин өлкөгө чет мамлекеттерден инвесторлор көп келе башташты. Албетте, бул бизди абдан кубандырат. Себеби сырттан инвестиция кирбесе, өлкөнүн өнүгүшү кыйын.
Тилекке каршы, айрым инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар катталып, алар арыз жазып жатышат. Албетте, күч органдары андайларды камакка алып, инвестордун акчасын кайтарып берүүдө. Бул аларга ашыкча түйшүк жаратып, өлкөбүздүн аброюн түшүрүүдө.
Урматтуу мекендештер!
Кыргызда “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген таамай айтылган сөз бар. Арабыздан анча-мынча тентектер чыгып жатат.
Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды.
Инвесторлорго эскертүү:
Колуңардан келишинче мамлекеттик мекемелер менен, мисалы, Экономика жана коммерция министрлиги, Инвестиция тартуу боюнча агенттиги, облус, район, айыл өкмөт башчылары аркылуу иштесеңиздер ишенимдүү болот эле.
Ал эми урматтуу жетекчилер, силер дагы инвесторлор менен тыгыз иштегиле.
“Убактым жок. Эртең кел, бүрсүгүнү кел” деген сыяктуу бюрократиялар болбосун.
Ар бириңердин ишиңерге силердин аймакка келген инвестордун санынан жана көлөмүнөн улам баа беребиз».

Бөлүшүү:
Next Post

Драматургдар арасындагы сынактын жеңүүчүлөрү аныктылды. Тизме

Бишкекте драматургдар арасында жарыяланган республикалык сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, сыйлоо аземине маданият министри Алтынбек Максутов катышып, бардык жеңүүчүлөрдү жеңиштери менен куттуктап төмөндөгүлөргө токтолду. Ал өз сөзүндө мамлекет тарабынан жасалып жаткан иштердин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары маданият тармагы […]

Сизге жагышы мүмкүн