Зидан “Бавария” клубунун башкы машыктыруучусу болушу мүмкүн

Автор

Зинедин Зидан “Бавария” клубунун башкы машыктыруучусу болушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жар салды.
Маалыматка ылайык, 51 жаштагы франциялык адис команданын башкы машыктыруучусу Томас Тухелдин ордуна приоритеттүү вариант болуп саналат. Мюнхен жетекчилиги буга чейин Зидандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн байланышка чыккан.
“Бавария” кандай болгон күндө да команданын учурдагы машыктыруучусу Томас Тухел кетээри айтылууда. Немис адиси жакын арада же сезондун аягында кызматтан алынат.
Тухел “Баварияны” 2023-жылдын март айынан бери иштеп келатат. Анын жетекчилиги астында команда 44 беттештин 11инде жеңилген. “Бавария” 2013-жылдан бери биринчи жолу Германия чемпиондугунда чемпиондук титулсуз калышы мүмкүн.
Эске салсак, Зидан 2021-жылдын жайынан бери жумушсуз. Француз Реал Мадридди эки жолу жетектеп, аны менен эки жолу Испаниянын чемпиону болгон жана үч жолу Чемпиондор Лигасын жеңген.

Бөлүшүү:
Next Post

Дональд Трамптын алтын кроссовкалары биринчи эле күнү сатылды

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Never Surronder кроссовкаларынын өзүнүн линиясын чыгарды. Презентация өткөн ишембиде Филадельфияда өттү. Ишембинин кечинде баасы 399 доллар болгон кроссовкалардын баары сатылып кеткен. Never Surender чектелген санда, болгону миң түгөй чыгарылды. Алардын ар бири өзүнүн уникалдуу номерине ээ жана он кроссовкада АКШнын экс-президентинин кол тамгасы бар. Бут кийимдин […]

Сизге жагышы мүмкүн