II Элдик курултайга Нарын облусунан 33 делегат катышат

Автор

Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Бишкекте өтчү II Элдик курултайга Нарын облусунан 33 делегат катышат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө курултайдын делегеттарынын жолугушуусу өткөрүлдү. Ага президенттин администрациясынын мамлекеттик инспекторлору Камчыбек Кускаков, Улан Маматканов, КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана Нарын шаарынын, Нарын районунун жетекчилери катышты.

Жолугушууда президенттик администрациянын мамлекеттик инспекторлору тарабынан делегаттарга декабрь айында өткөрүлө турган Элдик курултайдын шарттары, эрежелери боюнча маалымат берилди.

Жыйынтыгында делегаттардын ичинен Элдик курултайга катышып, орчундуу маселелерди өлкө башчысына жеткирүү үчүн квотага ылайык 8 делегат шайланды. Алардын ичинен 6 делегат жарыш сөзгө, 1 делегат Улуттук кеңешке, 1 делегат Эсептөө комиссиясына талапкерликке дайындалды.

Бөлүшүү:
Next Post

Транспорт министрлигине 12,1 млрд сом бөлүндү

Транспорт министрлигинин 2023-жылга бекитилген бюджети 16 млрд 749,8 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен 10 айдын ичинде 12,1 млрд сом каржыланды. Алар:   – жолдорду оңдоого жана тейлөөгө 2 087,3 млн сом;   – битум сатып алууга 395,7 млн ​​сом;   – 346,9 млн […]

Сизге жагышы мүмкүн