Азия чемпионаты -2024: Шаршенбеков менен Бейшекеев финалга чыгышты

Автор

Азия чемпионаты-2024: Шаршенбеков менен Бейшекеев финалга чыгышты
Бүгүн, 16-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча балбандар Жоламан Шаршенбеков (60кг) жана Раззак Бейшекеев (67 кг) финалга чыгышты.
Учурдагы Азия чемпиону кыргызстандык балбан 1/8 финалдык баскычтан баштап, Индонезия, Өзбекстан, Ирандын спортчуларын үч жолу мөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыкты.
Ал эми Раззак Бейшекеев 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Ал дагы 1/8 финалдык баскычтан баштап, Монголиянын, Казакстандын, Кореянын өкүлдөрүн катары менен 3 жолу жеңип, финалга чыкты. Чечүүчү беттеште анын атаандашы ирандык Эсмаэли Лейвеси болмокчу.
Финалдык блоктун беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Бөлүшүү:
Next Post

17-апрелге аба ырайы

Эртең, 17-апрелде күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, […]

Сизге жагышы мүмкүн