Азат Эркимбаев Азиянын эң мыкты машыктыруучусу аталды

Автор

Азат Эркимбаев грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эң мыкты машыктыруучусу аталды. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.
Федерациянын маалыматына ылайык, кыргызстандык машыктыруучуга наам Азиянын бириккен күрөш дүйнөсү (UWW Asia) чыгарган 2023-жылдын жыйынтыгы менен ыйгарылган.
Эскерте кетсек, Азат Эркинбаев – Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу.
Ошондой эле эркин күрөш боюнча мыкты машыктыруучу наамы Ирандын курамасынын машыктыруучусу Пежман Доросткарга, ал эми кыз-келиндер күрөшү боюнча мыкты машыктыруучу наамы Япониянын машыктыруучусу Ре Канемахага ыйгарылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Аба ырайы: 27-декабрда кар жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, 27-декабрга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде […]

Сизге жагышы мүмкүн