Кыргызстандык спортчу Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды

Автор

Кыргызстандын жиу-житсу боюнча курама командасынын мүчөсү Эрали Аскарбек уулу Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 62 кг чейинки салмакта катышып, жалпысынан беш кармаш өткөрүр, баарында тең жеңип чыккан. Ал эми финалдык беттеште орусиялык балбанды жеңип, алтын медалдын ээси болду.

Эскерте кетсек, профессиналдар арасында жиу-житсу боюнча 15-Дүйнө чемпионаты 5-10-ноябрь күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында өтүп, ага 127 өлкөдөн келген 7 миң спортчу катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте бир катар көчөлөр жабылат

Бишкекте 14-ноябрда бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Мындай чара Бишкекте өтчү КМШга мүчө-өлкөлөрдүн саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу кеңешинин ХХХVI отурумуна арналган «Ден соолук» аталышындагы чуркоо спорттук иш-чарасы байланыштуу. Иш-чара өтүү учурунда Бишкек шаарынын Жайыл Баатыр көчөсүндө, А.Чортеков көчөсүнөн Ж.Шералиев көчөсүнө чейинки […]

Сизге жагышы мүмкүн