Сауд Арабияда Криштиану Роналду музейи ачылды

Автор

Сауд Арабиясында “Аль-Наср” жана Португалия курама командасынын футболчусу Криштиану Роналдуга арналган музей ачылды.

Музейде атактуу футболчунун жеке сыйлыктары жана Роналду жеңген командалык кубоктордун көчүрмөлөрүнөн тышкары, футболчунун мом фигурасы коюлган.

“Бул менин Мадейрадан Сауд Арабияга чейинки менен окуям. Менин CR7 музейим азыр Эр-Риядда ачылды”, — деп жазды фейсбук социалдык тармактарына

Португалиялык футболчу “Аль-Наср” клубуна 2023-жылдын январь айында которулган. Анын Сауд Арабия командасы менен келишими 2025-жылдын июнь айынын аягына чейин түзүлгөн.

Роналду беш жолку “Алтын топтун” ээси. Ошондой эле беш жолу Чемпиондор Лигасын, үч жолу Англиянын чемпиону, эки жолу Испания менен Италиянын чемпиону болгон. Португалия курама командасынын курамында Роналду Европа чемпиондугун (2016) жана Улуттар Лигасын (2018/19) жеңген.

Бөлүшүү:
Next Post

Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси эки айга камалды

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А. соттун чечими менен 11-январга чейин камакка алынды. Баткен облустук сотунун маалыматы боюнча, ал Оштогу тергөө абагында кармалат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң АКШ долларын опузалап талап кылганы үчүн кармалганын 24-ноябрда билдирген. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал көмүр […]

Сизге жагышы мүмкүн