Адахан Мадумаров ЖК депутаты: “Чек арадагы протокол боюнча меселени далилдеп бергем”

Автор

Парламент кечээ, «Бүтүн Кыргызстан»  фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берди.

Жабык жыйындан  кийин Адахан Мадумаров Акүйдүн алдына топтолгон  журналисттердин суроолоруна жооп берди.

“Жыйында коллегаларым соттор боюнча маселе көтөрүштү. Соттор адилетсиз, туура эмес чечим чыгарышат, пара алышат, буйрук аткарышат, иши кылса, сотторго нааразычылык билдиришти. Анан, депутат Исхак Масалиев чыгып айтты, “соттор андай, мындай деп жатасыңар. Анан, ушундай сотторго Мадумаровдун тагдырын кантип ишенип тапшырасыңар? Бийликчил депутаттар да, элдин канын соттор соруп бүтүрүштү деп айтышты.  Негизи, “баш аламандыкты уюштуруу”, “бийликти басып алууга аракет жасоо” деген беренелерин комиссия жокко чыгарыптыр. Ал эми маселе чек арадагы протокол боюнча болуп жатат. Бирок, мен аны былтыр эле далилдеп бергемин“,- деп айтты журналисттерге Адахан Мадумаров.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: "Дүнүйөнүн адалы - сурак, арамы болсо - жан кейиткен азап"

Миң жыл жашаган Нух пайгамбар айткан экен: ” Ушунча өмүрүм, үйдүн бул эшигинен кирип, тиги эшигинен чыккандай эле болду.” Муса пайгамбар Жараткандан; ” Оо, Жаратканым, пенделериңдин арасынан досторуңду айтчы, мен аларды Сен үчүн жакшы көрөйүн” деп сураганда, Алла Таала: “Бардык кедейлер, кедейлер” деген тура. Мухаммад пайгамбарыбыз (Аллахтын дубай саламдары болсун) […]

Сизге жагышы мүмкүн