Депутат түрк ишкери Али Баклан боюнча өлкө жетекчилерине кайрылат

Автор

Депутат Шайлообек Атазов бир нече жылдан бери парламенттик жыйында айтып келген Али Баклан аттуу түрк ишкеринин аянычтуу абалы кыргызстандыктарды капалантты. Депутаттын айтымында, аталган түрк ишкери Жалал-Абад шаарында кайра иштеп чыгаруучу завод куруп, бирок, белгисиз себептерден улам өнөктөштөрүнө алдырып жиберген. Ар кандай коркутуп, үркүтүүлөргө байланыштуу ал 2019-жылга чейин Кыргызстанга келалбай жүргөн. 2020-жылы Шайлообек мырзанын адилеттүүлүгүнө ишенип, ага кайрылган. Депутат ошол жылдан бери түрк ишкерин колдоп, укуктук талаада анын укугун коргоп жүрөт. Бирок, укук коргоо органдары 3 жылдан бери жыйынтык чыгарбай келишүүдө. “Президент чет элдик ишкерлерди коркуткан үчүн кечээ бирөөнү камакка алдырды. Али Бакландын болсо, 1 млн 300 миң доллардык заводун тартып алгандар тайраңдап жүрүшөт. Алар укук коргоо органдарынын баарын сатып алганбы деп ойлойт экенсиң аргасыздан. Бирок, бул ишти биз элге, журтка, коомдук уюмдарга, журналисттерге жана өлкө жетекчилерине чейин алып чыгабыз”,- деди депутат. Анын  айтымында, кошуна Өзбекстан 2000 гектар какыраган жер берген. Али Баклан ал жерге лаванта өстүрүп Европа өлкөлөрүнө экспорт кылып жатат. “Президент Шавкат Мираманович бул инвестордун чачынан бир тал кыл түшпөсүн дептир. Биз болсо, анын заводун тартып алып, кордоп жатабыз”,- деп айтты депутат Шайлообек Атазов суроолорго жооп берип жатып. Али Баклан Өзбекстандын Түркиядагы ардактуу элчиси экенин да кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Азербайжанда армян жетекчилери камакка алынды

Азербайжандын куралдуу күчтөрү Армян улутундагы Давид Бабаянды Шушада камакка алды. Ал таанылбаган Тоолуу Карабактын мурдагы тышкы иштер министри, кийин президенттин кеңешчиси эле. 20-сентябрда Азербайжан Карабакка аскердик операция жасап, 1 күн ичинде аймакты өзүнө каратты. Президент Илхам Алиев Азербайжан эгемендүүлүгүн ушул жылдын 28-сентябрында гана толук түрдө камсыздай алды деп билдирди. 29-сентябрь […]

Сизге жагышы мүмкүн