2024-жылдагы байлардын рейтинги жарыяланды

Автор

Америкалык Forbes журналы дүйнөдөгү эң бай миллиардерлердин 38-жылдык рейтингин көрсөттү. Экинчи жыл катары менен тизменин башында Louis Vuitton, Fendi, Givenchy, Christian Dior, Hennessy, Dom Pérignon, Tiffany & Co компанияларына ээлик кылган LVMH конгломератынын башчысы француз Бернар Арно турат.
Арнонун байлыгын 233 миллиард доллар деп баалады. Бул былтыркыга салыштырмалуу 10 пайызга өскөн. 75 жаштагы миллиардердин негизги байлыгы LVMH акциялары.
Тизмеде экинчи орунду Tesla жана SpaceX компаниясынын башчысы Илон Маск ээледи. Forbes анын байлыгын 195 миллиард доллар деп баалаган.
Алдыңкы үчтүктү Amazonдун негиздөөчүсү Жефф Безос ээледи. Капиталы 194 миллиард долларга бааланды.
Meta, Facebook, Instagram жана WhatsApp тармактарынын ээси Марк Цукерберг 2024-жылдагы рейтингде алдыңкы бештикке кайтып келди. Ал 177 миллиард доллар байлыгы менен төртүнчү орунду ээледи.
Бешинчи орунду Oracle программалык жана сервердик аппараттарды иштеп чыгуучу компаниясынын негиздөөчүсү Ларри Эллисон ээледи. Ал өткөн жылга салыштырмалуу жыйынтыгын жакшыртып 107 миллиард доллардан 141 миллиард долларга чейин кирешесин өстүрдү.
Дүйнөдөгү эң бай ишкерлердин ондугуна былтыркыдай эле Berkshire Hathaway компаниясынын башчысы Уоррен Баффет (6-орун, 133 миллиард доллар), Microsoftтун негиздөөчүсү Билл Гейтс (7-орун, 128 миллиард доллар) жана корпорациянын мурдагы башкы директору Стив Балмер (8-орун) кирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Айыл чарбасын каржылоого 313 млн сом насыя берилди

Жыл башынан бери “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоорунун алкагында 312 млн 958 миң сомго 741 насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 26 млн 390 миң сомго 81 насыя берилди, анын ичинен: банктар боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн