Путин Беларуссияга өзөктүк курал жайгаштырыларын айтты

Автор

25-мартта Владимир Путин “Россия 24” телеканалына берген маегинде Москва менен Минск Беларустун аймагына тактикалык өзөктүк куралды жайгаштырууну макулдашканын билдирген.
“3-апрелден тарта биз экипаждарды машыктыра баштайбыз. Ал эми 1-июлда Беларустун аймагында тактикалык өзөктүк куралдарды сактоочу атайын жайдын курулушун аяктап жатабыз”,-деди Путин.
Путин Беларустун президенти Александр Лукашенко өзөктүк куралды ал жерге жайгаштырууну көптөн бери суранып келгенин белгиледи.
“Биз өткөрүп бербейбиз. АКШ союздаштарына өткөрүп бербейт. Биз, негизинен, алар ондогон жылдар бою жасап келген нерселердин бардыгын жасап жатабыз. Алардын белгилүү бир өлкөлөрдө союздаштары бар жана аны ташуучуларын машыктырат, аларды экипаждар окутушат. Биз да ошондой кылабыз деп жатабыз, дал ушуну Александр Григорьевич суранды”,-деди ал.
Мындан тышкары, ал мындай куралдарды алып жүрүүчү боло ала турган Искандер комплексин Россия Федерациясы буга чейин эле республикага өткөрүп бергендигин айтты.
Путиндин айтымында, Беларуста тактикалык өзөктүк куралды жайгаштыруу пландары Россиянын ядролук куралдарды жайылтпоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин бузбайт. Президенттин айтымында, мындай кадамга Улуу Британиянын Украинага ураны бар ок-дарыларды жеткирүү тууралуу жарыясы себеп болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Грузиядан алгачкы алтын медаль алып келди

Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу Грузияда өткөн дзюдо боюнча Чоң шлем турниринде алтын медаль тагынды. Эл аралык «Tbilisi Grand Slam-2023» турнири 24-мартта старт алган. Айбек уулу 66 кг салмак категориясында алтын үчүн ат салышкан. Бул салмак категориясында  жалпысынан  41 спортчу күч сынышты. Кыргызстандык дзюдочу 1/16 финалдан баштап, Куба, Бразилия жана […]

Сизге жагышы мүмкүн