Айыл чарбасын каржылоого 313 млн сом насыя берилди

Автор

Жыл башынан бери “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоорунун алкагында 312 млн 958 миң сомго 741 насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 26 млн 390 миң сомго 81 насыя берилди, анын ичинен:
банктар боюнча алганда:
– “Айыл Банк” ААК, 7160,0 миң сомго 22 насыя;
– “РСК Банк” ААК, 19230,0 миң сомго 59 насыя.
Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 286 млн 568 миң сомго 660 насыя берилди, анын иченен:
банктар боюнча алганда:
– “Айыл Банк” ААК,113 млн 838 миң сомго 264 насыя;
– “РСК Банк” ААК, 172 млн 730 миң сомго 396 насыя.
Жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 312 млн 958 миң сомго 741 насыя берилди.
– “Айыл Банк” ААК 120 млн 998 миң сомго 286 насыя;
– “РСК Банк” ААК 191 млн 960 миң сомго 455 насыя.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж – 2024: Казакстандыктар Олимпиадада медалдар үчүн канча төлөйт?

Казакстан Республикасынын Туризм жана спорт министрлиги 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиаданын келечектеги чемпиондору жана байге ээлери үчүн акчалай сыйлоонун көлөмүн жарыялады. Ошентип, алтын медаль алгандарга 250 миң доллар, күмүш медаль алгандарга 150 миң доллар, коло медаль алгандарга 75 миң доллар төлөнөт. Ошондой эле 4, 5 жана 6-орундарга 30, 10 жана […]

Сизге жагышы мүмкүн