Хамас Газанын түндүгүн көзөмөлдөй албай калганы айтылды

Автор

Израилдин Коргоо күчтөрүнүн өкүлү Даниэль Хагари акыркы брифингде Хамас тобу Газа тилкесинин түндүгүн көзөмөлдөй албай калганын билдирди.
Хагари анклавдын 50 миңдей тургундары түндүктөн түштүккө көчкөнүн билдирди. Ал жакта дары-дармек, тамак-аш, суу бар экенин түшүнгөндүктөн кетип жатышканын кошумчалады.
Күн сайын газалыктарга бомбалоолордон качуу үчүн түндүктөн Египет менен чек арага жакын түштүк аймактарга көчүүгө чакырыктар болду. Акыркы бир нече күндөн бери Салах ад-Дин жолунда эвакуация коридору иштеп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөнүн эң мыкты клубунун машыктыруучусу аталды

Испаниялык атактуу футбол адиси жана британиялык “Манчестер Сити” клубунун  машыктыруучусу Пеп Гвардиола дүйнөнүн учурдагы эң мыкты машыктыруучусу деп табылды. 52 жаштагы машыктыруучусу  “FourFourTwo”  рейтингинде дүйнөнүн эң мыкты машыктыруучуларынын арасында биринчи орунда турат. Гвардиола өзүнүн клубу менен өткөн сезондо мыкты жыйынтыктарга жетишип, футболдук үч титулду  утуп алган. Анын жетекчилиги астында “Манчестер […]

Сизге жагышы мүмкүн