Польша тарап Украинага орустар менен немистер тууралуу эскертти

Автор

“Украин бийликтери Германия менен тыгыз өнөктөштүктү күтүүдө, бирок, немистер орустар менен ар дайым түшүнүшүүнү каалайт”,-деди Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки.  Ал бир нече миллион украин качкындарын кабыл алып, Украинага эң көп жардам берген Польша болгонун, ал эми Берлин курчоого алынган Киевге 5 миң каска жөнөтүүнү пландаганын эске салды.
Польша менен Украинанын мамилеси Еврокомиссия 15-сентябрда украин дандарын жеткирүүгө эмбаргону узартпай койгондон кийин начарлап кеткен.   Украина муну Дүйнөлүк соода уюмунун нормаларын бузуу катары баалады.
Германиядан Украинага акыркы бир жарым жылда берилген жардамдын жалпы суммасы болжол менен 22 миллиард еврого жетти.  Канцлери Олаф Шольц сентябрда Киевди согуш токтогуча Берлин колдой турганын айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Тим Цзю WBO боюнча дүйнө чемпиону болду

Атактуу мушкер Тим Цзю 69,9 кг салмакта Дүйнөлүк бокс уюмунун чемпиондук курун жеңип алды. Дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Константин Цзюнун уулу  бул үчүн рингге чыгуунун да кереги жок болуп калды. Дүйнөнүн мурдагы чемпиону Жермел Чарло мексикалык Сауль Альвареске каршы күрөшкө катышкандан кийин дароо титулунан ажыратылган. Америкалык мушкер титулду коргоо үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн