Үч райондун акимдеринин орун басарлары кызматтан бошотулду

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тиешелүү чечимге ылайык, үч райондун акимдеринин орун басарлары кызматтан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кызматтан бошотулгандар:
Жетенбаев Кайрат Рахымбаевич Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин орун басары кызматынан бошотулду.
Мурсалиев Акылбек Рыскелдиевич Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Дүйшембиев Адилет Керээзбекович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Ташбалтаев Абдирашит Каримович Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Ал эми Жумабеков Жалын Самудинович Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысынын-акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Бөлүшүү:
Next Post

Тилек Матраимов үй камагына чыгарылды

Кара- Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечимди Ош шаардык соту тергөөчүнүн өтүнүчү менен чыгарган. Матраимов Тилек Исмаилович — Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун) каралган кылмыш иши тагылган. Ал […]

Сизге жагышы мүмкүн