Тилек Матраимов үй камагына чыгарылды

Автор

Кара- Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Ош шаардык соту тергөөчүнүн өтүнүчү менен чыгарган.
Матраимов Тилек Исмаилович — Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, этиятсыздыктан оор залал келтирген жосун) каралган кылмыш иши тагылган. Ал буга чейин соттун чечими менен 26-апрелге чейин камакта калтырылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Имамидин Ташовдун апасы Акыйкатчыга кайрылды

Өткөн жумада камакка алынган Имамидин Ташовдун апасы баласы ур – токмокко кабылып, тамак-суу берилбей жатканын айтты. Ал Акыйкатчыга жана кыйноолордун алдын алуу борборуна кайрылды. “Балам ур – токмокко кабылыптыр. Мүрүлөрүндө көгалалар бар экен. Кусуп жатыптыр, бирок, докторго көргөзүшпөй жатышат. Жактоочусу жок бир жерлерге алпарышат экен. Азыр өмүрү коркунучта болуп жатат, […]

Сизге жагышы мүмкүн