9-июнга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 9-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында өткүн өтүшү мүмкүн, калган аймактарда жаан жаабайт.

 

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23, күндүз +35…+40,

 

Талас облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +33…+38,

 

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40,

 

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

 

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27.

 

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +21…+23, күндүз +38…+40 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Мессинин жаңы клубу билеттердин баасын 16 эсеге көтөрдү

Лионель Мессинин америкалык “Интер Майами” футболдук клубуна өткөнү тууралуу билдирүү АКШда чуу жаратты. Бул билеттердин баасынын кескин көтөрүлүшүнө алып келди. Буга абройлуу “The Athletic” басылмасынын маалыматына караганда, Мессинин жаңы клубуна өткөнү жарыяланганга чейин эң арзан билетти 27 евро болчу. Аргентиналык  футболчунун кол коюу тууралуу кабардан кийин  баасы 435 еврого чейин […]

Сизге жагышы мүмкүн