Элдар Абакиров, ЖК депутаты: “Сөз эркиндиги жок өлкөлөрдө коррупция гүлдөйт”

Автор

“Коррупцияга каршы күрөшкөн эң күчтүү курал бул – сөз эркиндиги. Мен кечээ, сөз эркиндиги менен экономиканын байланышы деген китеп окуп чыктым”,- деди депутат Элдар Абакиров парламенттин жалпы жыйынында.
“Сөз индекси күчтүү болгон өлкөлөрдө экономикасы да, элдин кирешеси да, күчтүү болот. Сөз эркиндиги жакшы сакталган өлкөлөрдө болсо, ишкердик өнүгүп, инвесторлор да, келе башташат. Анткени, инвесторлорго жетиштүү, көз карандысыз маалымат керек. Ошол эле кезде сөз эркиндиги төмөн болгон өлкөлөрдө коррупция гүлдөп, өнүгөт”,- деп билдирди депутат. Ал кайсы бир мыйзамды кароого алып келип жатканда элдин кирешесине, экономикага кандай таасир тийгизээрин карап чыгыш керек экенин айтып, өкмөт ишкерлерге жардам бербесе, салык азайып, импортко көз каранды болуп калаарыбызды эскертти.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Трампка караганда Байденди артык көрөрүн айтты

Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенттигине Дональд Трампка караганда Жо Байденди артык көрөрүн билдирди. Путин Москва Байденди тажрыйбалуу саясатчы катары эсептеп, АКШнын президенти катары көргүсү келерин айтты. ВГТРКнын кабарчысы менен болгон маегинде ал Россия Америка эли ишенген бардык лидер менен кызматташууга даяр экенин белгиледи. Байдендин ден соолугу боюнча суроого жооп […]

Сизге жагышы мүмкүн