Президент Оштун мэрин барып, иштей бер деген

Автор

“Президент менен сүйлөштүм. Барып иштей бер, маселе жок”, – деди. Мындай билдирүүнү Ош шаарынын мэри Бакыт Жетигенов маалымдап,  шаарда алгылыктуу иштер жүрүп жатканын айтты.

Коомчулук болсо, Оштогу суу көйгөйүн учурдагы мэр чечип, борбордук көчөдөгү тыгынды жөнгө салды дешүүдө. Бирок, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков шаардын бюджетине миллиондогон каражаттар түшпөй жатканын билдирди. Ал шаардык Кеңештин Бакыт Жетигенов боюнча чыгарган чечимдери президентке жетелек деп ойлойт. “Ошентсе да, президент кандай чечим чыгарса да, ал талкууга жатпайт”,- деди төрага.

Бөлүшүү:
Next Post

Алайбек Алымбаев ЖКнын Аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет. Тиешелүү тескемеге төрага Нурланбек Шакиев кол койду. Алымбаев Алайбек Анаркулович 1980-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ош мамлекеттик университетин, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын (магистратура), 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын, 2014-жылы […]

Сизге жагышы мүмкүн