Эртең эмнеге “Өлбөс полк” жүрүшү өтпөйт? ИИМдин түшүндүрмөсү

Автор

Кыргызстанда эртең, 9-Май — Улуу Жеңиш күнүндө “Өлбөс полк” жүрүшү өтпөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында түшүндүрмө берди.
.Анын айтымында, мындай чечим жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынды.
«Мен жарандардан бул чечимди кайгылуу кесепеттерге алып келе турган ар кандай чагымчыл аракеттерди болтурбоого багытталган коопсуздук чарасы катары кабыл алууну суранам. Ал эми жер-жерлерде Жеңиш күнүнө арналган бардык башка иш-чаралар адаттагыдай эле өтөт. Коомдук коопсуздук жана тартип тиешелүү деңгээлде камсыздалат. 1-майдан 10-майга чейин тартип сакчылары күчөтүлгөн тартипте иш алып барат», — деди ал.
Өткөн жылы Бишкекте өткөн “Өчпөс полк” жүрүшүнө 50 миңден ашуун адам катышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Беларустагы мектепке Кыргыз жоокеринин ысымы ыйгарылды

Беларустун Минск шаарындагы № 11-орто мектепке Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык жоокер Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Кыргыз өлкөсүнүн Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев билдирди. «Аталган мектепте салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Эстелик тактасын ачып, мектеп окуучулары жана иш-чарага келген коноктордун алдында сөз сүйлөп, мектеп окуучуларынын катышуусундагы концерттик программаны көрдүк», — […]

Сизге жагышы мүмкүн