“Кыргыз шырдагы — XIII” эл аралык фестивалы өтөт

Автор

Нарында “Кыргыз шырдагы — XIII” эл аралык фестивалы 28-29-июнь күндөрү өтөт. Бул тууралуу Нарын облусунун өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, маданий иш-чаранын негизги бөлүгү 28-июнь күнү Нарын шаарынын кире беришиндеги As A Nomad этнокомплексинде болору айтылат. Ушул эле күнү түштөн кийин фестивалдын алкагында каалоочулар үчүн Салкын-Төр эс алуу аймагына туристтик турлар уюштурулат. 29-июнь күнү Нарын мамлекеттик университетинде илимий конференция пландалган.

“Фестивалдын максаты элдик салттуу маданий кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, кол өнөрчүлүк чакан бизнестеринин ортосундагы соода-экономикалык карым-катнашка көмөктөшүү, туристтерди тартуу болуп саналат. Ага республиканын бардык аймактарынан кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чет өлкөдөн жана облустардан келген коноктор, Нарын облусунун тургундары катышат”, — деп айтылат кабарда.

Иш-чара “Кыргыз шырдак”, “Мурас шырдак” кароо-сынактарын, көргөзмө-жарманкелерди, илимий-практикалык конференцияны, “Устат-шакирт” мастер-класстарын, “Жаш уздарды тандоо” сынагын, улуттук тамак-аш көргөзмөсүн, улуттук оюндар, туристтик аймактарга экскурсиялар, чоң программадагы концерттик программаны камтыйт.

Өкүлчүлүк каалоочулар “Кыргыз шырдагы — XIII” эл аралык фетивалына катыша аларын билдирип, конок болууга да чакырды. Иш-чара өткөрүлө турган аймакка Нарын шаарынан маршруттар уюштурулары кошумчаланды.

Бөлүшүү:
Next Post

Экополиция түзүү каралууда

Ыш менен күрөшүүдө жыйынтыкка жетишүү максатында Бишкек шаарында экологиялык полиция түзүү каралууда.  Бул тууралуу Бишкектеги жана Чүй облусундагы абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын экинчи жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, комиссия Бишкектин четиндеги конуштарды газдаштыруу, жылуулук электр борборун 15 от казанын газга өткөрүү жана коомдук ден соолукту чыңдоочу борборлорду, мончолорду […]

Сизге жагышы мүмкүн