Беларустагы мектепке Кыргыз жоокеринин ысымы ыйгарылды

Автор

Беларустун Минск шаарындагы № 11-орто мектепке Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык жоокер Жумаш Асаналиевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Кыргыз өлкөсүнүн Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев билдирди.
«Аталган мектепте салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Эстелик тактасын ачып, мектеп окуучулары жана иш-чарага келген коноктордун алдында сөз сүйлөп, мектеп окуучуларынын катышуусундагы концерттик программаны көрдүк», — деп жазды ал.
Эске салсак, Жумаш Асаналиев 1923-жылы 10-майда Ысык-Көл облусуна караштуу азыркы Ак-Суу районундагы Отуз-Уул айылында туулган. Пржевальск райондук аскер комиссариаты тарабынан 1942-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылган. 1944-жылдын 25-июнунда душман менен салгылашууда багынып бербей, өзүн жана аны курчап алган фашисттерди акыркы граната менен жардырып жиберген. СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1944-жылдын 22-июлундагы Жарлыгы менен немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы күрөштө көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн Жумаш Асаналиевге курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Жыл башынан бери пенсияга 28,8 млрд сом каржыланды

2024-жылдын январь-апрель айларында пенсияга 28 млрд 834 млн 739 миң 304 сом каржыланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду билдирди. Облус жана шаарларга жогорудагы сумма төмөнкүдөй бөлүнгөн: Бишкек шаары — 4 млрд 737 млн 563 миң 834 сом; Чүй облусу — 4 млрд 338 млн 576 миң 021 сом; Нарын облусу […]

Сизге жагышы мүмкүн