Тез жардам унааларына коюлган жазалар жөнгө салынабы?

Автор

Жогорку Кеңештин депутаттары тез жардам унааларына жаза жазылып жаткан жагдайга токтолушуп, тийиштүү мекемелерге протоколдук тапшырма беришти. Бул тууралуу парламенттин бүгүн, 28-февралдагы жалпы жыйында айтылды.
Белгилүү болгондой, акылдуу шаар алкагында айрым район жана шаарларда кээ бир тез жардам унааларынын жазалары 100 миң сомдон ашкан. Депутат Марлен Маматалиев маселе Санариптик өнүктүрүү министрлигинде жөнгө салынаарын айтып, “мен тактап чыктым. Камералар унаалардын номерин гана тартат экен. Мигалкасын тарта тургандай кылып, жөнгө салыш керек”,- деди.
Ал эми Балбак Түлөбаев “уят эмеспи, эми ушул тез жардам унааларына акча төлөтөлүбү”,- деп нааразычылыгын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

ШКУ саммитине БУУнун баш катчысы келери күтүлүүдө

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррешти июль айында өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине чакырды. Чакырууну Казакстандын вице-премьер-министри – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Женевадагы жолугушууда тапшырды. БУУнун Башкы катчысы чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстандын ШКУ сыяктуу аймактык уюмдарга катышуу аркылуу туруктуу өнүгүү жана эл аралык коопсуздук […]

Сизге жагышы мүмкүн