Кыргызстан Уулу Памирге гуманитардык жардам жиберди

Автор

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 4-октябрдан 16-октябрга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттыкты сактоо, Айыл чарба, Тышкы иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен турган топ Бадахшан провинциясына, ошондой эле Ооганстандын Кичи жана Улуу Памирине 2 тоннага жакын жардам жеткирди.

Гуманитардык жардам дары-дармектер жана ветеринардык препараттардын партиясынан турат. Педиатр, терапевт, стоматолог, гинекологдордон турган медицина кызматкерлер үч күн ичинде 600дөн ашык жергиликтүү тургунду медициналык кароодон өткөрүп, дарылашты.

Ветеринарлар эпизоотиялык абалды изилдеп, 700дөн ашык бодо малды жана майда малды эмдөөдөн өткөрүштү. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга ветеринардык дары-дармектер берилип, аларды ар кандай оорулардын алдын алуу үчүн колдонуу боюнча окуулар өткөрүлдү.

Соңку маалыматтарга караганда, 10-октябрда Ооганстанда болгон жер титирөөдө 1500 адам өлүп, 2000дей адам жарадар болгон. Дагы 43 000 адам жабыркады. Бул тууралуу БУУнун Ооганстандагы гуманитардык координаторунун милдетин аткаруучу Даниел Эндрес дүйшөмбү күнү журналисттерге билдирди.

Жер титирөөдөн 3300дөн ашык үй толугу менен кыйрап калган. Суу түтүктөрүнө жана скважиналарга олуттуу зыян келтирилген, ал эми талкаланган курулуштардан ири көлөмдөгү таштандылар жана урандылар суунун булганышына, оорулардын чыгышына алып келиши мүмкүн.

БУУ Ооганстанда жабыр тарткан аймактарды калыбына келтирүү жана жакынкы алты ай ичинде жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча гуманитардык операциялар үчүн жалпысынан 93,6 миллион доллар талап кылынат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте 210 гектар жерге заманбап ат майдан курулат

Улакчылар үчүн 210 гектар жерге заманбап ат майдан курулат. Бул тууралуу башкы прокурор, Эл аралык көк бөрү ассоциациясынын төрагасы Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясы өткөргөн конференцияда билдирди. Анын айтымында, жаңы ипподромдун долбоору чийилип бүттү, ал 20 миң орундуу болот. “Мурунку жумада президентибиз мени чакырып тапшырма берди. Аэропорт жактан 210 гектар […]

Сизге жагышы мүмкүн