Эртең Бишкекте  футбол боюнча өлкө кубогунун финалдык беттеши өтөт

Автор

Эртең Бишкектин башкы спорттук аренасы болгон Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Кыргызстандын 2023-жылкы Кубогунун финалдык беттеши орун алат. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Кубок үчүн чечүүчү оюнда өлкөнүн учурдагы чемпиону – “Абдыш-Ата” (Кант шаары) жана Премьер-лиганын дебютанты “Мурас Юнайтед” (Жалал-Абад шаары) футболдук клубдары кез келишет. Оюн саат 20:00дө старт алат.

Кыргызстандын Кубогу 32-жолу ойнотулат. Премьер-Лигага бул жылы гана кошулган “Мурас Юнайтед” менен кубоктун учурдагы жана бешинчи жолку ээси “Абдыш-Ата” олжо үчүн талашка түшүп, оюндун көрүүчүлөрүн эң кызыктуу финал күтөт.

Беттештин түз берүүсү “Кыргыз Спорт ТВ” каналынын Ютуб платформасында жана Мегалайн, Акнет, Неотелеком кабелдик түйүндөрүндө жеткиликтүү болот.

Бөлүшүү:
Next Post

«Манас» аэропорту өз каражатына эки учак сатып алды

«Манас» эл аралык аэропорту биринчи жолу өз каражатына Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак сатып алды. Бул тууралуу  аба майданынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык , келишимге расмий кол коюу аземи 10-сентябрда Брюсселде De Haviland Aircraft of Canada өндүрүүчү компаниясы менен болду. Келишимге кол коюуга «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов […]

Сизге жагышы мүмкүн