Кыргызстандын таэквон-до боюнча курама командасы Дүйнө кубогунда 46 медаль жеңди

Автор

КР таэквон-до (GTF) боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казань шаарында (Россия) өткөн Дүйнө кубогунда 46 медаль (20 алтын, 12 күмүш, 14 коло) жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке 17 мамлекеттен 400дөн ашык спортчу катышып, 11-16-октябрь күндөрү өттү.

Кыргызстандык спортчулар жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи. 1-орунду Орусия, 3-орунду Казакстандын курама командасы камсыз кылды.

 

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

 

– 45 кг Лейсан Аджиходжаева (12-14 жаш поинт-стоп – 3-орун , хьенг-1-орун);

 

– 60кг Артем Туркин (12-14 жаш, массоги 2-орун, поинт-стоп 1-орун);

 

– 34 кг Адилет Абдыбеков (10-11 жаш массоги 1-орун , поинт-стоп 1-орун, хьенг 3-орун);

 

– 53 кг Ислам Эмильбеков (10-11 жаш массоги 3-орун, поинт-стоп 2-орун);

 

– +82 кг Бексултан Эрнисов (18+ массогит 3-орун, хьенг 2-орун);

 

– 82кг Аскар Сыдыкакпаров (18+, поинт-стоп 1-орун, хьенг – 2-орун).

 

Командалык оюндар:

 

2-орун кыздар арасында (12-14 жаш тег тим 3 киши);

 

3-орун кыздар арасында (12-14 жаш, хьенг 3 киши);

 

3-орун кыздар арасында (12-14 жаш массоги 3 киши);

 

3-орун балдар арасында (12-14 жаш тег тим 3 киши);

 

1-орун балдар арасында (12-14 жаш Тэг-тим 3-киши).

 

Жекелик оюндардын жыйынтыгы:

 

– 40 кг Жансая Сатегова (12-14 жаш, массоги 1-орун, поинт-стоп 1-орун, хьенг 2-орун);

 

– 40 кг Бермет Тургунбаева (12-14 жаш массоги 2-орун, поинт-стоп 2-орун);

 

– 58 кг Аяжан Асанбекова (15-17 жаш массоги 1-орун, поинт-стоп 1-орун, хьенг 1-орун);

 

– 76 кг Рахимжан Ибраев (15-17 жаш массоги- 1-орун, поинт-стоп 1-орун, хьенг 2-орун);

 

– 35 кг Арген Анарбаев (12-14 жаш массоги 1-орун, поинт-стоп 1-орун);

 

– 35 кг Райымбек Орозолиев (12-14 жаш массоги 2-орун, поинт-стоп 2-орун);

 

– 40 кг Данияр Максатов (12-14 жаш массоги 1-орун , хьенг 1-орун , поинт –стоп 1-орун);

 

– 30 кг Дамир Шаменов (10-11 жаш, массоги- 3-орун, поинт-стоп 2-орун).

Бөлүшүү:
Next Post

Байден Израилде төрөлгөнүн айтты

18-октябрда Израилге барган АКШнын президенти Жо Байден ушул аптада Конгресстен Тель-Авивге “болуп көрбөгөндөй  жардам пакетин” сурай турганын жарыялады. Америкалык лидердин сөзүнөн Израилдин “Темир Купол” абадан коргонуу системасын бардык зарыл нерселер менен камсыз кылуу пландалып жатканы белгилүү болду. Ал АКШнын палестиналыктарга жардам жөнөтүү чечимине токтолуп,   «АКШ Газа тилкеси жана Батыш Шериа […]

Сизге жагышы мүмкүн