Орусиядагы эл аралык турнирлерди тааныбоого чакырык жасалды

Автор

Жайкы жана кышкы спорттун эл аралык федерацияларынын ассоциациялары спортчуларды  2024-жылы Орусияда өтө турган мелдештерди тааныбоого чакырды. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин(МОК) сайтында айтылат.

“Ар бир федерация мындай иш-чараларды өзүнүн эл аралык спорт календарына киргизүүнү кароодон баш тартышы керек жана спортчулардын бул мелдештерде жетишкен натыйжаларын тааныбашы керек” деп айтылат Эл аралык олимпиада комитетинин билдирүүсүндө.

Эске сала кетсек, келерки жылы Россия Федерациясында Келечек оюндары (21-февралдан 3-мартка чейин), БРИКС оюндары (12-23-июнь) жана Достук оюндары (15-29-сентябрь) сыяктуу эл аралык спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кар жаайт. 8-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 8-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүйдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6,   Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11,   Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8,   […]

Сизге жагышы мүмкүн