Орусиялык балбан Роман Власов билдирүү жасады

Автор

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 4) мелдешинде орусиялык Роман Власов менен күрөшөт.

Спорттук иш-чара 26-апрелде Казакстандын Алматы шаарындагы спорт ордосунда өтөт. Махмудов менен Власов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күч сынашат.

Орусиялык балбан  Акжол Махмудовду жеңүү үчүн уулуна сөз бергенин айтты.

“Бул күрөштө жеңишке жетем деп уулума сөз бердим. Мен анын көңүлүн калтыра албайм”, – деп жазды социалдык тармактагы баракчасына Власов.

Бөлүшүү:
Next Post

 Ош базардагы эттин баасына көзөмөл жүргүзүлдү

Бишкектин Ош базарында эттин дүң жана чекене бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.   Иш-чаранын жүрүшүндө Ош базарда эт негизинен Чүй жана Нарын облустарынан ташылып келери белгилүү болду. Базарда эт дүң жана чекене баада сатылат.   Учурда эттин чекене баасы төмөндөгүдөй: – […]

Сизге жагышы мүмкүн