«Манас» аэропорту өз каражатына эки учак сатып алды

Автор

«Манас» эл аралык аэропорту биринчи жолу өз каражатына Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак сатып алды. Бул тууралуу  аба майданынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык , келишимге расмий кол коюу аземи 10-сентябрда Брюсселде De Haviland Aircraft of Canada өндүрүүчү компаниясы менен болду.

Келишимге кол коюуга «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов катышты.

«Бул учактарды алуу Кыргызстандын жарандык авиациясын өнүктүрүүнүн негизги кадамы болуп, ички каттам түйүндөрүн кеңейтүүгө жана өлкөнүн ичинде калкты авиациялык тейлөөнүн деңгээлин олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берет», – деп айтылат маалыматта.

De Haviland Aircraft of Canada компаниясы эки учакты келерки жылдын май айында жеткирип бермекчи. Бул мезгил аралыгында Кыргызстандын мыйзамдарын эске алуу менен жана Кыргызстандын жарандык авиациясынын талаптарына ылайык аларды модификациялоо боюнча иштер жүргүзүлөт.

Учактарды алуу менен «МЭА» ААК социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган, алардын ичинен ички каттамдардагы авиабилеттердин жеткиликтүүлүгүнө жана баасына байланыштуу маселелерге артыкчылык берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Балкондорго мамлекеттик желекти илүүгө уруксат берилет

Туризм жана спорт министрлиги Мамлекеттик желекти, мамлекеттик гербди жана алардын сүрөттөрүн колдонуу, орнотуу, жайгаштыруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча өкмөттүн токтомунун долбоорун даярдады.  Тиешелүү документ «Ачык юридикалык жактар» порталында жайгаштырылган жана 27-сентябрга чейин коомдук талкууга коюлат. Жаңы эрежелерде желек жеке адамдарга таандык имараттарга жана жайларга, анын ичинде балкондорго орнотууга […]

Сизге жагышы мүмкүн