Элдик Курултайга Ош облусунан 118 делегат катышат

Автор

Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Бишкекте өтчү II Элдик курултайга  Ош облусунан 118 делегат катышат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн  билдиришти.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында  Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо иштерин координациялоо боюнча иш-чаралардын календардык планына ылайык 2023-жылдын 18-ноябрь күнү Ош облусунун бардык аймактарында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындар өткөрүлдү.

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерелердин кийлигишүүсүз өттү.

Жер-жерлердеги жыйындын катышуучуларына Элдик Курултай жөнүндө маалымат жана жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо жөнүндөгү Жобого ылайык өткөрүү эрежелери тааныштырылып, Элдик Курулдайдын делегатынын квоталары айыл аймактардын калкынын санына карата бөлүштүрүлүп, жалпы Ош облусу боюнча 118 делегат шайланды”, -деп айтылат маалыматта

Бөлүшүү:
Next Post

 Бишкекте баскетбол боюнча мелдеш өттү

Бишкекте спорттун 12 түрү боюнча «Мектеп лигасы» уланууда. Муниципалитеттен маалымдашкандай, мелдештерге Бишкек шаарындагы 100дөн ашык жалпы билим берүүчү мектеп, гимназия жана жеке мектептердин 15 миңден ашуун окуучусу катышууда. Программанын алкагында  баскетбол боюнча мелдештер аяктады. Турнирге 19 команда катышты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча балдар арасында байгелүү орундарга төмөнкү командалар ээ болушту: 1-орун […]

Сизге жагышы мүмкүн