Мамлекеттен жөлөк пул алган миллионерлер бар

Автор

“Биз жөлөк пулду берүүдө бюджеттен каражат үнөмдөбөйлү. Эгер жөлөк пул максаттуу берилип, дарегине жеткенде гана аз камсыз болгон үй -бүлөлөр 1-2 жылдын ичинде орточо жашаган үй- бүлөлөрдүн катарына кошулушу керек”,- деп билдирди Таалай Сарбашов. Депутат билдиргендей, жөлөк пул берүүдө айрым учурларда популисттик кадамдар да болуп жатат. “Акылбек Үсөнбекович, кээ бир аймактарда миллионерлер, шаардын так ортосунда дүкөн иштеткен байлар, жакшы жашагандар жөлөк пул алып жүрүшөт. Өз кезегинде биз ушундайларды аныктаганбыз. Аларды жөн койбой жоопко тартуу маселесин дагы карашыбыз зарыл”,- деди.

Социалдык коргоо министрлигинин маалыматында 9 айдын жыйынтыгы боюнча жөлөк пул алуучулардын саны 287 миң 810. Бул 85.210 үй -бүлөнү түзөт делет.

Бөлүшүү:
Next Post

«Айыл чарбасын каржылоо -11». 3,29 млрд сом насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоору боюнча дыйкан-фермерлерге 3 млрд 297,9 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен министрлигинен билдиришти. Насыя өлкөнүн 7 миң 336 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө берилди. Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, насыялоонун көлөмү 3,3 млрд сом. Аталган долбоорду ишке ашырууну улантуу максатында […]

Сизге жагышы мүмкүн