23-февралга карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 23-февралда түнкүсүн Жалал-Абад, Чүй, Талас облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.
Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…-5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7.

Бишкек шаарында 23-февралда күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…-2 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШда Путин Ким Чен Ынга белек кылган унаа тууралуу сөз болду

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер Россия Федерациясынын башчысынын КЭДР лидерине жасаган белеги боюнча комментарий берди. Ал муну БУУнун санкцияларын бузуу деп атады. Мамлекеттик департаменттин өкүлүнүн айтымында, ал “россиялык кымбат баалуу унаалар” жөнүндө билгенде таң калган. “Мен бул билдирүүлөрдү көрдүм, бирок чынын айтсам, Россияда жасалган кымбат баалуу унаа […]

Сизге жагышы мүмкүн