«Ак-Кула» ат майданынын ордуна эмне курулат?

Автор

Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданынын ордуна «Москва-Сити» сыяктуу борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Маалыматка ылайык, ипподром үчүн жаңы жер тандалат. Азыр шаардын башкы архитектору жетектеген топ бул долбоорлордун үстүндө иштеп жатат.
«Биз шаардыктардын да, борбордун конокторунун да суктануусун жаратуу үчүн гармониялуу архитектуралык кооз жайларды курууну башташыбыз керек. Курулуш компаниялары өз пайдасын гана ойлошот: куту куруп, андагы батирлерди сатып, кетип калышат. Ошол эле учурда таштанды челектерин, унаа токтотуучу жайларды орнотуу үчүн жөнөкөй жерлерди да ойлонушпайт. Мындай болбойт. Курулуш компанияларынын ээлери өздөрү деле борбордо жашашат, ошондуктан бул жерде тартип орнотуу баарынын кызыкчылыгында», — деди Акылбек Жапаров.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламент өз ара тазаланууга муктажбы?

Коомчулук парламентти ынтымакка чакырып, ошол эле мезгилде издөөгө алынган Раимбек Матраимовго тийешеси бар кээ бир депутаттардан тазаланууну сунуштап жатат. Мындан улам мурдагы “Мекеним Кыргызстандын” парламенттеги мүчөлөрү боюнча да маселе бар. Эл арасында сөз болгондой, аталган партиянын айрым мүчөлөрү бүгүнкү күнү мамлекеттик кызматты аркалап жатышат. 20-тизме менен депутаттыка талапкер болгон Гүлмира […]

Сизге жагышы мүмкүн