Путин Трампка караганда Байденди артык көрөрүн айтты

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенттигине Дональд Трампка караганда Жо Байденди артык көрөрүн билдирди. Путин Москва Байденди тажрыйбалуу саясатчы катары эсептеп, АКШнын президенти катары көргүсү келерин айтты.
ВГТРКнын кабарчысы менен болгон маегинде ал Россия Америка эли ишенген бардык лидер менен кызматташууга даяр экенин белгиледи. Байдендин ден соолугу боюнча суроого жооп берип жатып АКШнын шайлоо кампаниясындагы маселенин сезимталдыгына көңүл буруп, башка мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүнүн орунсуз экенин баса белгиледи.
Үч жыл мурда Байден менен Швейцарияда болгон жолугушуусун эске салган Путин, Байдендин жөндөмсүздүгү тууралуу кептер чындыкка коошпой турганын белгиледи. АКШда президенттик шайлоо 2024-жылдын ноябрында өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектеги мектептерде суукка байланыштуу сабактын убактысы кыскарат

Күтүлүп жаткан суукка байланыштуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына мектептерде окуунун кыскартылган графигине өтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтыруу тапшырмасы берилген. Ошондой эле жеке менчик мектептерге да ушундай чараларды көрүүнү сунуштоо пландалган. Ал эми Транспорт […]

Сизге жагышы мүмкүн