Өлкөбүздө жумушчу күч жетишпей жатат

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу чет өлкөдөн жумушчу күч тартуу өнөкөтүнө токтолуп, өзүбүздүн жумушчулар сыртка чыгып кетип жатканын айтты.

Эл өкүлү “Учурда жаңы Акүйдү пакистандыктар же, индиялыктар куруп жатышат. Негизи, жумушчу күч бизде жетишсиз. Ошондуктан, Бангладеш, Пакистан, Индиядан жумушчу күч тартылууда. Андыктан, кесиптик лицейлер кадрларды даярдашы керек”,- деп билдирди. Ал жергиликтүү жумушчуларды миграцияга даярдоодон алыс болууга чакырып, ал үчүн анализ, мониторинг жүргүзүүнү билим берүү министри Догдургүл Кендирбаевага сунуштады.

Бөлүшүү:
Next Post

Атазов адамга сыноо келгенде эки тазалануу болоорун айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов өздүк баракчасы аркылуу башка сыноо келгендеги тазаланууну жазды. Ал  “Кудайга шугур… Адамга жашоодо куру доомат, сыноо келгенде эки тазалануу болот экен: Руханий тазалануу… Командаңды тазалоо. Биринчиси  акыретке, экинчиси келечекке пайда экен”,-деген. Белгилүү болгондой, өткөн айда карандай кур доомат менен камакка алынган анын шайлоо учурундагы штаб […]

Сизге жагышы мүмкүн