Кинорежиссер Марат Сарулу дүйнө салды

Автор

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер,кинорежиссер жана сценарист Марат Сарулу дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Марат Сарулу 1957-жылы 26-сентябрда Талас облусунда туулган.

Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетин аяктаган. 1984-жылы Москвада СССРдин эл артисти, режиссёр, сценарист Фёдор Савельевич Хитруктун мектебинен билим алган.

Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтия кинематографисттер бирликтеринин мүчөсү болгон.

Анын А.Абдыкалыков жана А.Алишеров менен биргеликте жараткан “Бешкемпир” тасмасы Швейцариянын Локарно шаарында өткөн эл аралык кинофестивалында “Күмүш илбирс”, Казакстандын Алматы шаарында өткөн Евразия кинофестивалында Гран-при (1998) жана дагы 18ден ашуун эл аралык сыйлыктарга ээ болгон.

Анын “Мария”, “Акыркы көч”, “Эне” жана башка көркөм, даректүү тасмалары көптөгөн эл аралык сыйлыктарга ээ болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Облус бийлиги талашка түштү

Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдиновдун кызмат ордуна көз арткандар барбы? Коомчулук мындай адилетсиздикке чекит коюуну суранып жатышат. Алар социалдык тармактар аркылуу депутаттарды айдактаган бирөөлөр бар экенин божомолдошууда. Кечээ болсо, губернатор түз байланыш уюштуруп, депутаттар койгон айыптоолорго бир бирден жооп берди. Зиядин Жамалдиновдун маеги негизсиз асылууларга чекит койгонсуду. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн