Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депуттарынан кечирим сурады

Автор

Министрлер кабинеттинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, 13 сентябрда парламенттин жалпы жыйынында депутаттардан кечирим сурады.

“Урматтуу депутаттар, мен эч качан депутаттар элдин атынан сүйлөй албайт деген эмесмин, видео бурмаланган. Мен дагы бир жолу сиздерден кечирим сурайм”,- деди Эдил Байсалов. Бирок, төрага Нурлан Шакиев “сиз кете бериңиз”,- деди.

Депутат Кундузбек Сулайманов “сиз алгач парламентке келээрде кечирим сурасаңыз болмок. Жаңы министрлерди сунуштаганга келбей”,- деди эле, Төрага ага “урматтуу депутаттар түшүнсөңүздөр, жаңы министрлерди президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү сунуштайт. Эдил Байсалов аларды сунуштаганга келген жок”,- деп билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш июнь айында Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү тууралуу токтом кабыл алган. Парламенттеги “Ишеним”, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобу анын отставкасын кароо демилгесин көтөргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Севастополдогу деңиз заводуна болгон соккудан эки орус кемеси жабыркады

Россиянын Коргоо министрлиги 13-сентябрга караган түнү Украинанын куралдуу күчтөрү Серго Орджоникидзе атындагы Севастополь деңиз заводуна он канаттуу ракета жана үч учкучсуз катер менен Кара деңиз флотунун кемелеринин бир отрядына деңизден өтүү учурунда сокку урганын билдирди. Севастополь губернатору Михаил Развожаев кол салуудан 24 адам жабыркаганын кабарлады. Мекеменин пресс-релизине ылайык, абадан коргонуу […]

Сизге жагышы мүмкүн