Севастополдогу деңиз заводуна болгон соккудан эки орус кемеси жабыркады

Автор

Россиянын Коргоо министрлиги 13-сентябрга караган түнү Украинанын куралдуу күчтөрү Серго Орджоникидзе атындагы Севастополь деңиз заводуна он канаттуу ракета жана үч учкучсуз катер менен Кара деңиз флотунун кемелеринин бир отрядына деңизден өтүү учурунда сокку урганын билдирди. Севастополь губернатору Михаил Развожаев кол салуудан 24 адам жабыркаганын кабарлады.
Мекеменин пресс-релизине ылайык, абадан коргонуу күчтөрү жети канаттуу ракетаны атып түшүрүп, бардык катерлерди Василий Быков кайгуул кемеси жок кылган. «Душмандын канаттуу ракеталарынын соккусунан улам оңдоодон өтүп жаткан эки кеме жабыркады»,-деп билдирди Коргоо министрлиги.
Михаил Развожаевдин айтымында, Севастополго болжол менен саат 3:18де чабуул жасалган. Жабыркаган 24 адамдын төртөөнүн абалы орто. Кол салуунун натыйжасында Севастополь деңиз заводунун түштүк бөлүгү өрттөнгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Сарымсактын чачка тийгизген пайдасы

Сарымсактын курамында пайдалуу микро жана макроэлементтердин бүтүндөй комплексине бай болуп саналат. Анын курамына С, В жана Е витаминдери кирет. Адамдагы эфир майларынын аралашмасы чачтын абалына оң таасирин тийгизет. Салттуу медицинаны жактоочулардын айтымында, сарымсак чачтын өсүшүнө жардам берет. Бул көбүнчө какачты кетирүү, баштын суу балансын калыбына келтирүү, чач фолликуласын чыңдоо жана […]

Сизге жагышы мүмкүн